Amadeus
   |   RUS   |   KIR   |   ENG   |

Amadeus First агенттер клубу!

 

1. Кимдер Amadeus First клубунун мүчөсү боло алат?

 

Amadeus тутумунда оффлайн офис-IDлерде иштеген баардык агенттер катышууга мумкунчулук алат. Онлайн офис-IDлерде иштеген агенттер Amadeus First программанын катышуучусу боло албайт.

2. Мен үчүн мүчөлүктүн артыкчылыгы эмнеде?

 

- Amadeus First клубунда катталуу акысыз жана Сизди эч нерсеге милдеттендирбейт.

 

Сиз Amadeus тутумунда брондогон бардык сегменттер кредиттик упайларга айланат. Топтолгон упайларды улуттук акча – сомго – алмаштырууга мүмкүнчүлүк берилет. Ал эми тартиптин негизинде өнөктөш банкта ысымдарга катталган төлөм банк карталарына жиберенилет. Катышуучунун жана Банктын өнөктөштөрүнүн ортосундагы мамилелер түзүлгөн айрым келишимдердин шарттары менен жөнгө салынат.

3. Мен кантип клубдун мүчөсү боло алам?

 

Оңой эле – болгону «Катышуучуну каттоо» формасын гана толтуруу зарыл.

4. Мен ийгиликтүү катталгандыгымды кантип текшерүү керек?

Каттоонун соңунда тутум автоматтык түрдө катышуучунун номерин генерациялайт, анын натыйжасында Сиз өзүңүз түзгөн каалаган брондорго кошушуңуз зарыл.

5. Топтолмо тутум кантип иштейт?

Amadeus тутумунда жасалган ар бир сегмент автоматтык түрдө катталат жана Amadeus First сайтындагы. Сиздин жеке корзинага жиберилет. Брондоонун баштапкы этабында Amadeus First интерфейсиндеги сегменттердин баары «PD» макамына ээ. Жүргүнчү учуу сегментин (flown) колдоноору менен анан макамы “ОК” макамына алмашат. Мындай макамдары бар сегменттер гана сом накталай алмашууга ойлорду айландырылынат.

Маанилүү! Брондоолорду түзүүнү жана билеттерди тариздөөнү каттала турган өлкөнүн Office ID жүргүзүү зарыл! Башкача болгондо упайлар Amadeus First Сиздин эсебиңизге которулбай калат.

Атайын сайндар жана колдонуучулардын IDлери, автоматтык турдо иштеген программаларга колдонулат (мисалы, Amadeus Web Services программасына тузулгон сайн). Алардын жардамы менен тузулгон брондорлор топтоо программасында саналбайт.

6. Мен өз упайларымды кантип текшере алам?

 

Бул үчүн Сиз “Менин упайларым” дегенди гана басышыңыз керек.

 

7. Эгерде мурда сакталган сегмент жокко чыгарылса, эмне болот?

 

Бардык жокко чыгарылган сегменттер упайларды эсептөөдө эсепке алынбайт.

 

8. Эгерде мен башка агенттикте иштегени өтсөм, менин упайларым эмне болот?

 

Бардык упайларды Сиз жекече чогулатсыз жана ал Сиз менен кошо өтөт.

9. Упайлар кантип топтолот?

 

Сактоону түзүүдө Amadeus First клубунун мүчөсүнүн номери менен ремарканы киргизүү керек, ал агентти каттоодо бир жолу генерацияланат.

 

Форматы төмөндөгүдөй:

RM*AMA 123456, 123456 бул жерде катышуучунун номери. АМА менен катышуучунун номеринин ортосунда боштук коюу зарыл.

PNR ремаркасын киргизгенден кийин Amadeus кеңселеринин кезектер банкына жөнөтүү керек:

QE /FRU1A0980/77

Эсептелген упайларды түшүндүрүү:

  • Ар бир AIR сегменти 5 упайга теңелет.
  • Ар бир HOTEL сегменти 10 упайга теңелет.
  • Ар бир CAR сегменти 10 упайга теңелет.

10. Content Innде жасалган брондорлор учун упайлар кантип эсептелинет?

Ар бир брондолгон сегмент 10 упайга барабар. Сатуу – бул Content Inn тутумунда брондолгон, кардардын чыныгы мейманканада турагы саналат. Брон кайтарылган учурда, чыгарылган ваучерлерге упайлар кошулбайт.

Маанилуу! Автоматтык турдө эсептө агент төмөндөгу аракеттерди жасагандан кийин иштей баштайт:

1.    http://contentinn.com баракчасына кируу.

2.    «Админ» деген тактасында, «Список пользователей» дегенди тандоо.  

3.    Колдонуучулардын тизмесинде өзунузду табып, «Редактировать» дегенди чыкылдатуу.

4.    «Контактная информация» деген блокто, «Amadeus First» катарында, Amadeus First тутумундагы мучө номерин кошуу.

5.    Жасалган аракеттерди сактоо.

Content Inn брондорлордун статустары Amadeus First тутумунда биринчи PD болот, андан кийин бир гана кардар келген куну (Chenk In date), брон жокко чыгарылбаса, OK статуска өзгөрөт.

11. Amadeus Local Insurance аркылуу жазылган камсыдандыруу полиси үчүн упайлар кантип эсептелет?

Ар бир жазылган камсыздандыруу полиси 5 упайга теңелет. Сатуу – бул Amadeus Local Insurance Insurance аркылуу жазылган камсыздандыруу полисинин камсыздандыруу келишиминин күчүнө кириши.

Жазылган камсыздандыруу полистери кайтарууда жана бузууда эсепке алынбайт.

Упайларды эсепке киргизүү үчүн катышуучунун номери менен полистин номерин “номер участинка” деген сапка киргизүү зарыл.

12. Content Railде жасалган брондорлор үчүн упайлар кантип эсептелинет?

Ар бир брондолгон сегмент 5 упайга барабар. Билет кайтарылган учурда, упайлар кошулбайт.

Content Rail брондорлордун статустары Amadeus First тутумунда, биринчи PD болуп, жүргүнчү билеттерди колдонгондон кийин, брон жокко чыгарылбаса, OK деген статуска өзгөрөт.  
Маанилуу! Автоматтык турд
ө эсептөө агент “Amadeus First” тутумунда мучө санын алуу үчүн жогоруда аталган нускамаларды туура аткара турган учурдан тартып иштей баштайт.

Маанилуу! КТЖ жана ГЖД темир жолу билеттери упайларды топтоодо катышпайт.

13. Акча кандай катары түшөт?

Сиз Банктын өнөктөштөр менен келишим түзүлүшү керек. Келишим чыгаруу шарттарынын негизинде катушуучуга номиналдык карта чыгарылат. Уюштуруучу улуттук валюта менен упайлар-каражат кийинки айдын аягында эсептелинет.

1. Инсандыгын ырастоочу документтин сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн first@amadeus.kg дарегисине жөнөтүү.

2. төмөнкүдөй түрдө катышуучусу, иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалыматтар:

Amadeus First катышучунун номери,. Кыргыз Республикасы, XXXXXX коду, шаардык XXX, XXX көчөсү, номери first@amadeus.kg дарегисине маалыматты жөнөтүү.

Маанилүү маалымат:

Эгерде Сиз Amadeus First клубунун мүчөсү катары өзүнүздүн номерди эстей албасаңыз, колдонуучуларды колдоо кызматына first@amadeus.kg дареги боюнча же төмөндөгү телефондор аркылуу кайрал аласыз:

8 (717) 2507 255 (Алматы агенттери үчүн) же

8 751 144 0751 (Казахстандын башка шаарларынын агенттери үчүн).